Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 6-мартта шаардагы аймактык кеңештердин жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда 2013-жылдагы аткарылган иштердин жыйынтыгы тууралуу маалыматтар айтылды. Шаарда жалпысынан 12 аймактык кеңеш болсо, анда 85 адам иштеп келет. Жыйында Ош шаардык аймактык кеңештердин ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча башкы адис Гүлмира Эркулова шаарда коомдук тартипти сактоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иш-чаралары өткөрүлгөнүн айтты. Ошону менен бирге жыйында аймактык кеңештердин жетишкендиктери тууралуу сөз болду.
Ошондой эле социалдык инфраструктураны жакшыртуу боюнча бир катар пландар иштелип жактаны маалым болду. Жыйында калаа башчысы тиешелүү жетекчилеринен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуштарды берүүнү талап кылды.