АКШ Крымда өтүүчү референдумду тааныбай турганын билдирди

АКШ Крымдын статусун аныктоо үчүн 16-мартта өткөнү жаткан референдумдун легитимдүүлүгүн тааныбай турганын билдирди. АКШ Крым боюнча бардык чечимдер Украина өкмөтү тарабынан гана чечилиши керек деп эсептейт. “Мындай кырдаалда легитимдүү өкмөт өлкө аймагындагы маселени чечүүгө катышпай калышы мүмкүн эмес”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Крымда өтүүчү референдумга 2 маселе коюлат: Биринчиси – Крымдын Орусиянын аймагына кошулушу, экинчиси – Крымда 1992-жылдагы Конституцияга кайтып келүү менен Украинанын карамагында калышы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан