Ибраимов Эрмек Султанович Кыргызстандын Австриядагы элчиси, Вена шаарындагы ЕККУ жана башка эл аралык уюмдарда КРнын туруктуу өкүлү кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымдады. Ошондой эле башка буйрук менен Э.Ибраимов КРнын Түркиядагы элчиси кызматынан бошотулду.