Украина бийлиги Виктор Януковичти издөө өтүнүчү менен Интерполго кайрылуу жөнөттү. Маалымат бүгүн, 7-мартта белгилүү болду. Өлкөнүн жаңы бийлиги Януковичти “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “киши өлтүрүү” беренелери боюнча айыптоодо. Өтүнүчтүн укуктук жагы учурда Интерполдун башкармалыгы тарабынан каралууда, анда кайрылуунун уюмдун эрежелерине канчалык ылайык келери аныкталат.
Айта кетсек, Орусия (Янукович учурда ушул өлкөдө) Интерполго мүчө мамлекеттердин бири.