Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-мартта кыргызстандык айымдарды 8-Март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Куттуктоонун тексти төмөндө:
“Урматтуу айымдар!
Ардактуу энелерибиз, эжелерибиз, карындаштарыбыз, кыздарыбыз!
Сиздерди 8-Март - Жаз майрамы менен куттуктайм!
Дүйнөдө аялзаты бар болгон үчүн ар бирибиздин жашообуз мээримге, жакшылыкка бөлөнүп, өзгөчө мааниге ээ. Сиздердин бизге болгон ишенимиңиздер күчүбүзгө күч кошуп, бардык кыйынчылыктарды жана тоскоолдуктарды жеңип чыгууга шыктандырып турат.
Аялзаттын түйшүгү көп болору белгилүү. Бүгүнкү күндө да үй тиричилиги, балдарды тарбиялоо, ал тургай үй-бүлө багуу милдети сиздердин моюнуңуздарда. Бирок аялзаттын кеменгерлиги, чыдамкайлыгы, эмгекчилдиги турмуштун бардык кыйынчылыктарын жеңүүгө өбөлгө болуп, Кыргызстаныбызды көптөгөн сыноолордон сактап калды.
Биз Кыргызстандын аялдары менен сыймыктанабыз. Мээримиңиздерге, жароокерлигиңиздерге, кайратыңыздарга жана чечкиндүүлүгүңүздөргө таазим этебиз. Салттарыбызды, тилибизди, маданиятыбызды, элибиздин бүтүндүгүн, кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактап калууда сиздердин салымыңыздар зор.
Ардактуу айымдар!
Ылайым турмушуңуздарда бактылуу күндөр арбын болсун. Түгөйүңүздөр, балдарыңыздар, жакындарыңыздар ар дайым кубаныч жана жакшылык тартууласын. Бардыгыңыздарга чың ден соолук, үй-бүлөдө ынтымак, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайм!”