Асылбек Жээнбеков: "Айымдар үйдүн куту эле эмес, өлкөдөгү орчундуу окуялардын жигердүү катышуучусу"

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 7-мартта кыргызстандык айымдарды жаз майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун тексти төмөндө:

“Урматтуу асылзат айымдар!

Абалтадан бери элибизде аялзатын сыйлап, терең урматтаган салтыбыз бар. Аял – түндүк түркүгү, үйдүн куту, очок ээси. Кыйын кезеңдерде, журт тагдыры чечилчү тарыхый окуяларда кажыбас эрктүүлүгүн, акылмандыгын көрсөтүп, эли-жерибизди сактап калууда кайраттуу айымдарыбыз салым кошуп келген.

Бүгүнкүдөй өткөөл мезгилде да турмуштун оорчулугу аялдардын назик ийинине түшкөндүгүн тана албайбыз. Биздин айымдар бир гана үйдүн куту жана уюткусу эмес, өлкөбүздө болуп жаткан орчундуу окуялардын жигердүү катышуучусу дагы болуп саналат. Өзгөчө алыскы элет жергесинде, шаарларда, коомубуздагы маанилүү тармактарда эмгектенишкен эже-карындаштарыбыз өз кесибинин дасыккан чеберлери экендигин иш жүзүндө тастыкташууда.

Кымбаттуу энелер, апалар, эже-карындаштар! Сиздерди Жогорку Кеңештин депутаттарынын атынан жадыраган жаз менен кошо келген Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! 8-Март – жалпыбыз үчүн эң мээримдүү, эң сүйкүмдүү, эң жагымдуу, атыр жыттуу жаз, гүл жыттанган майрам. Сиздерге ачык асман каалайм, эгемен Кыргызстаныбызда ынтымак-ырашкерлик, биримдик, бакубатчылык бекем орносун. Аялдар мээримдүү эне, жароокер жар болушсун, коомчулуктун урматына арзыган кыз-келиндер көбөйсүн, келечектери кең болуп, асыл максаттарга жетишсин деп тилейм. Майрамыңыздар кут болсун!”

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан