ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгы аялдарды майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 7-мартта Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгынын имаратында 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата салтанаттуу жыйын болду. Жыйынга ички иштер органдарында кызмат өтөп жаткан жана ардактуу эс алууга чыгышкан айымдар чакырылган. ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Ашым Тагаев аялзатын майрамы менен куттукташты

Өз ишинде өзгөчөлөнгөн кызматкер аялдарга кезектеги аскердик наамдар жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. Жыйындын соңунда концерттик программа тартууланды. Аялдарды куттуктап белгилүү куудул Талант Анарбаев, ырчы Самара Каримова жана Ош ОИИББинин алдында уюшулган «Мурас»  чыгармачылык тобу өз өнөрлөрүн тартуулашты

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан