Эртең, 8-мартта Бишкек шаарындагы №1762, №269-подстанциялар оңдоодон өтөт. Буга байланыштуу саат 09:00дөн 17:00гө чейин Троицкий, Месарош көчөлөрүнүн тегерегинде жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы билдирди.
Ошондой эле 9-мартта да аталган аймактарда оңдоо иштери улангандыгына байланыштуу электр энергиясына чектөө киргизилет.
Ал эми 10-мартта Көк-Жар жаңы конушунда “акылдуу” эсептегичтер орнотулат. Мындан улам аталган аймакта да жарыктын өчүрүлүшү күтүлөт.