Бишкектеги аялдардын абагында 8-Мартка карата "Кана эмесе, кыздар!" деген аталышта майрамдык иш-чара өттү (фоторепортаж)

Бүгүн, 7-мартта Бишкектеги №2-түзөтүү абагында 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата “Кана эмесе, кыздар!” деген аталышта майрамдык иш-чара өттү.

Аталган мекемеде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан аялдар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Көрүүчүлөр айымдардын ырдоо, бийлөө, музыкалык аспапта ойноо жана актёрдук чеберчиликтерине күбө болушту.

Мындан тышкары “Сулуулук периси-2014” сынагы өттү. Анда айымдар өз тобунун намысын коргоп, кооз кийимдери менен эл алдына чыгышты. Түзөтүү мекемесинин өкүлдөрүнөн түзүлгөн калыстар тобу сынактын катышуучуларынын кийимдерине, сахнада өзүн алып жүрүүсүнө жана аудитория менен байланыш түзүүсүнө көңүл буруп, баа беришти.

Сынак бүткөн соң күлкүлүү маанайда “Сулуулук периси-2014” сынагынын пародиялык бөлүгү өттү. Анда Алла Пугачёва менен Максим Галкинге айланган өкүлдөр калыстар тобунун мүчөлөрү катары болуп, мыктыларды тандашты. “Мен сулуумун, мен жеңем!” деп катышуучулар индия, африка элдеринин жана француз музыкасына аткарган бийлери менен көрүүчүлөргө күлкү тартуулашты.

Абактагы аялдар тагдыры
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан