Бүгүн, 7-мартта Ош технологиялык университетинде 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата окуу жайдын айым окутуучулары үчүн майрамдык сый тамак уюштурулду. Аталган иш-чараны окуу жайдын жетекчилиги жана профсоюз уюму уюштуруп, буга ОшТУда көп жылдардан бери үзүрлүү эмгектенген, окуу жайдын өнүп-өсүүсүнө салымын кошкон ардагерлер да чакырылган. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы кабарлады.
Майрамдык кеченин башында ОшТУнун ректору, профессор А.Абидов куттуктоо сөзүн айтып, айымдардын коомдогу орду жогору экенин баса белгиледи.
Ошондой эле студенттерге таалим-тарбия берүүдөгү көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн окутуучу айымдарга баалуу белектерди тапшырды.