8-Март майрамына карата ОшМУнун ректору Каныбек Исаков алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келип студенттерге билим берип жаткан волонтёр-окутуучу айымдарды кабыл алып, майрамдары менен куттуктады. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.
Жашоо шарттары, студенттердин билим алууга болгон кызыгуусу, сунуштары тууралуу сураган ректор чет өлкөлүк волонтёрлорго майрамдык белектерин тартуулады.
Бүгүнкү күндө ОшМУда Кытай, Америка, Германия, Франция, Корея, Швеция сыяктуу мамлекеттерден келишимдин негизинде волонтёр-окутуучу болуп мырзалардан сырткары он беш айым эмгектенип жатат.