Ошто “Айымдар рулда” аттуу рейд жүрдү

Бүгүн, 7-мартта Ош шаарында Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата рейд өткөрүштү. Бул тууралуу ОИИББинин кызматкери Азиз Пазылов билдирди.

Анын айтымында, рейддин максаты - аялдарды майрамы менен куттуктап, аларга жакшы маанай тартуулоодон сырткары жол эрежелерин бузбоого кеңеш берүү.

Мындай рейд Ош облусунун бардык райондорунда 9-мартка чейин уланмакчы. Бул убакыт аралыгында жол эрежесин бузган айымдарга жөн гана эскертүү берилерин кошумчалайт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан