Бишкек: Улуттук филармонияда 8-Март майрамына карата салтанаттуу жыйын өттү

Бүгүн, 7-мартта Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу жыйын өттү. Иш-чарага премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров, Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана башкалар катышты.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын атынан сөз сүйлөгөн Төрөбай Зулпукаров салтанаттуу жыйын катышуучуларын, Кыргызстандагы айымдарды майрамы менен куттуктап, жашоо жарыгы, үй куту, очок ээси болуу менен жаз күнүндөй жаркып, ар дайым алдынкы сапта жүрүүсүнө тилектеш экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан