“Жер шарынын жараны катары кошкон салымым” аттуу мыкты эссенин автору Токиого чакыруу алат

“Жер шарынын жараны катары кошкон салымым” аттуу темада эссе сынагы жарыяланды. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган иш-чара Япониядагы Кыргызстандын элчилиги, япониялык фонд, ЮНЕСКО жана Япониянын Билим берүү, маданият, спорт министрлигинин колдоосунда уюштурулууда. Сынактын негизги шарттары: эсседе Жер жүзүндө болгон окуяларга кайдыгер карабай, айлана-чөйрөнү сактоо, этностор аралык келишпестиктер, жакырчылык темалары камтылышы керек. Эссе 2014-жылдын 15-июнуна чейин уюштуруучуларга жөнөтүлүшү зарыл. Жеңүүчүлөр Токио шаарына чакыруу алышат. Эсселер япон, англис, француз, немец жана испан тилдеринде кабыл алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан