Назарали Арипов: "Аялзат - үй-бүлөнүн, жалпы адамзаттын куту"

Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов айымдарды 8-Март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Куттуктоонун мазмуну мындай:

“Урматтуу айымдар, апалар, эжелер, карындаштар!

Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынын депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан 8-Март майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Жергебизге жаздын келиши сиздердин майрам менен башталат. Жаз мезгили да аялзатынын өзүнө окшош, назик жана сезимтал келет. Анын мээрими менен Жер энебиз жибип, жаратылышка жан кирет. Аялзат - үй-бүлөнүн, жалпы адамзаттын куту, өмүрдүн булагы. Сиздердин демиңиздер менен ар бирибиздин жүрөгүбүздө, ар бир үй-бүлөдө, коомубузда жылуу сезим, жакшы маанай, ийгилик жаралат.

Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакубат, жыргал турмуш, ишиңиздерге ийгилик, бакыт-таалай, тынчтык жана жакшылык каалайм. Жаз майрамдын кубанычы жана жаркын маанайы сиздерди дайыма коштосун!”

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан