КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков айымдарды Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады

КСДП фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков мекендештерин Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. 
Куттуктоонун тексти:
"Урматтуу айымдар! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясынын жана өзүмдүн атымдан 8-Март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктайм!

Тарыхты эске салсак, 1908-жылдын 8-мартында Аялдардын социал-демократиялык уюму кыз-келиндердин укуктарын коргоо максатында массалык митингдерди уюштурат. Ага улай 1910-жылы Копенгагенде болуп өткөн социалист аялдардын II Эл аралык конференциясында Клара Цеткиндин демилгеси менен бул майрамга "эл аралык" деген статус берилген.

Бул майрамдын башатында алгач аялзатынын социалдык-экономикалык жана укуктук талаптары турган болсо, бул доордун талабына ылайык, ар кандай өзгөрүүлөр менен кошо өзгөрүп, толукталып, учурда жалпы аялзатына урмат-сый тартуулай турган нагыз майрам болуп отурат.

Биздин өлкө өзүнүн каарман аялдары менен сыймыктанат!

Сиздердин үй-бүлөнү бекемдөөгө, бала тарбиялоого, руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоого кошкон салымыңыздар айтып бүткүс. Аялзатынын колдоосу аркылуу мамлекетибизде жакшы саамалыктар башталып, ар бир үй-бүлөгө бакыт токтоору айныксыз нерсе.

Сиздердин активдүү жарандык позицияңыздар - өлкөбүздүн өнүгүшүнүн, бакубат турмушунун кепилдиги!

Урматтуу мээрман айымдар! Сиздерге бекем ден соолук, бакыт-таалай, жаркын маанай каалайм. Ой-максатыңыздардын ишке ашышына тилектештигимди билдирем!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан