Нарын. КТРКны реформалоо долбоорунун алкагында жолугушуулар өтөт

1-ноябрда Нарын шаарында КТРКны реформалоо долбоорунун алкагында жолугушуу өтөт. Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК) менен анын көрөрмандарынын ортосунда так жана эффективдүү карым-катнаш түзүү максатында КТРКнын Байкоочу кеңеши жана башкаруусу 2012-жылдын ноябрь-декабрь айларында ар бир облустун борбор калаасында коомчулук менен жолугушууларды өткөрөт. Жолугушуулар "Интерньюс-Нетуорк" менен кызматташтыкта КТРКны реформалоо долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат. Бул жолугушуулар көрөрмандар жана угармандар менен КТРКда болуп жаткан реформалар менен кайра түзүүлөрдүн өлкөнүн атуулдарына тийгизе турган пайдасын талкуулоо үчүн керек. Ушул сыяктуу жолугушуулар КТРКнын аудиториясы менен байланышуусунун башка түрлөрүнөн тышкары кайталануучулук негизде өткөрүлүп турмакчы.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан