Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады.
Куттуктоонун тексти:
"8-Март – Аялдардын эл аралык майрамы. Учурдан пайдаланып, үй-бүлөгө кам көрүү менен, мамлекетибиздин социалдык-экономикалык жашоосуна салымын кошуп келген, жашоодо активдүү көз караштагы айымдарды майрамы менен куттуктайм. Биздин айымдар өлкөбүздүн, үй-бүлөлөрдүн тирөөчү болуп келген. Сиздерге үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачыл ийгилик каалайм!"