Кыргыз-тажик чек арасынан үчүнчү өлкөнүн жарандары гана өтүүдө

Кыргыз-тажик чек арасынан үчүнчү өлкөнүн жарандары гана өтүп жатканын бүгүн, 7-мартта Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, чек ара өткөрүү бекеттери Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары үчүн жабык бойдон. 5-6-мартта Кытай тараптын өтүнүчү менен “Карамык” өткөрүү бекетинен аталган өлкөгө тийиштүү болгон жүк ташуучу унаалар өткөрүлдү.  

Айта кетсек, 2014-жылдын 11-январында чек арадагы атышуудан кийин кыргыз-тажик чек ара өткөрүү бекеттери жабылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан