Ага ылайык, КРнын Статистика боюнча кеңешинин жобосу жана курамы бекитилди.
КРнын Статистика боюнча кеңеши расмий статистиканы жүргүзгөн мамлекеттик органдарга колдоо көрсөтүү жана бул чөйрөдөгү координацияланган чечимдерди кабыл алууну камсыз кылуу, статистика жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууну көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууга чакырылган консультациялык кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
Ошондой эле 2008-жылдын 2-сентябрында кол коюлган “КРнын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө” жарлык күчүн жоготту деп табылды.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.