2014-жылдын февраль айында Бишкек мэриясынын Колдонуучулардын укугун коргоо жана колдонуучу рыногун өнүктүрүү бөлүмүнө 41 жарандын укугунун бузулушу боюнча 41 кайрылуу түштү. Муну бүгүн, 7-мартта мэриянын маалымат кызматы билдирди. Кайрылуунун негизинде текшерүү жүрүп, келтирилген 14 200 сомдук зыяндын орду толтурулду. Кайрылган жарандарга тийиштүү органдар тарабынан кеп-кеңештер берилиптир.