SUPER.KG порталынын эмгек жамааты асылкеч айымдарды бүгүнкү 8-Март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктайт. Ажайып көк шиберге көрк чачкан тоо гүлү сыңары жашоону көркүнө чыгарган - айымдар. Аялзат - турмуш туткасы, коомду тарбиялоочу зор күч. Чыдамкайлык, сулуулук жана назиктиктин мыкты үлгүсү. Эң башкысы, атына баарыбыз баш ийген ЭНЕ! Эне мээримине бүтүндөй Жер жүзү жылынып турарын эч кимибиз тана албайбыз. Аялзат - өлкөнүн жаркын келечегине салым кошуп жаткан эжелер жана келечектин үмүтү болгон карындаштар.
Майрамыңыздар менен! Бекем ден соолук, узун өмүр, бакыт, бийиктик каалайбыз. Жаз күнүндөй жаркырап, ар дайым аман жүрүңүздөр.