Ош шаарындагы орто мектептерде учурда 3006 мугалим иштейт, мунун 2649у же 89,6 пайызы айымдар. Шаардагы 53 мектептин 49унун директору - аялдар. Мектептерде 52 471 окуучу билим алса, алардын ичинен кыздардын саны 28 714тү түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.