Жалал-Абад шаарынын мэриясы Айымдардын эл аралык майрамынын урматына 200 аялга белек тартуулады

Жалал-Абад шаарынын мэриясы 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамынын урматына 200 аялга белек, 17 айымга Ардак грамота тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардагы Барпы атындагы драма театрда өткөрүлгөн майрамдык салтанатка 700гө жакын аял катышып, шаардык маданият кызматкерлери жана мектеп окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программага күбө болушкан. 

Айымдарды мэр Муктар Арапбаев жана шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев куттуктап, айымдарга жылуу сөздөр айтылды. Майрам театрлаштырылган оюн-зоок жана концерттик программа менен коштолуп, жалпысынан иш-чарага жергиликтүү бюджеттин эсебинен 135 200 сом жумшалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан