Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Айымдардын эл аралык майрамы белгиленди

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда айымдардын майрамына арналган чоң программадагы майрамдык кече болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу бүгүн, 10-мартта билдирди.

Кечеде ОГПИнин ректору Бекмурза Зулуев айымдарды майрамы менен куттуктап, билим берүүдө  жигердүү салым кошкон эжейлерге, алдынкы студент кыздарга окуу жайдын Ардак грамотасын жана баалуу белектерди тапшырды. 

Иш-чара агайлар тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду. Ошондой эле кечеге шаардагы ырчы, куудул жана төкмө акындар катышып, айымдарга жагымдуу маанай, ыр-күлкү тартуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан