Кара-Кулжадагы бала бакчага депутат Бактыбек Калмаматов эмерек тапшырды

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Бактыбек Калмаматов 9-мартта Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Сары-Булак айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Анда депутат айылдагы бала бакчага белек катары 20 даана эмерек тапшырды. Депутаттын демөөрчүлүгү менен айылда волейбол мелдеши уюштурулду. Аталган айылдын тургуну, волейбол боюнча спорт чебери Урматбек Самудиновдун жаркын элесине арналып өткөн мелдеште 1-орунду Кылоожун айылынын командасы ээлеп, Достук кубогу жана 8000 сом менен сыйланышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан