Бишкекте
12-13-мартта студенттер үчүн өтө турган карьера жарманкесине жогорку окуу жайларынын 400дөн ашуун бүтүрүүчүсү жана азыркы учурда окуп жаткан
студенттердин катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары
билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара карьера борбору жана Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) кошумча билим берүү
борбору тарабынан уюштурулууда.
Жарманкенин максаты – студенттерге рыноктук
шарттарда ишкердик байланышын түзүү, жумушка орношууга көмөк көрсөтүү жана
жумуш берүүчүлөргө квалификациясы жогорку кызматкерлерди табууга жардам берүү.
Жарманке БААУда өтүп, ага 30дан ашык компания катышат.