Крымдагы украиналык аскерлерге 13 миллион доллар сыйлык берилет

Крымдагы украиналык аскерлерге 125 миллион гривен же 13 миллион доллар сыйлык берилет. Муну Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк 9-марттагы өкмөт жыйынында айтканын ММКлар жарыялашты. “Крымдын аймагында өз өлкөсүн татыктуу коргоп жаткан аскерлерге 125 миллион гривен суммасында бир жолку сыйлык берүү боюнча бүгүнкү жыйында чечим кабыл алынмакчы”,- деген Яценюк тийиштүү органга акчаны тез арада бөлүү тапшырмасын берди. Акчанын кандай жол менен которула турганы айтылган жок. 9-мартта Крым бийлиги Киев өлкөдө (Крымда) мамлекеттик казыналыктын электрондук системин өчүрүп, бардык банктык эсептерди кулпулаганын жарыялаган эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан