“Крым Орусиянын курамына кошулса, Орусия ал өлкөгө 40 миллиард рубль бөлүүгө даяр”,- деп билдирди 9-мартта Мамлекеттик Думанын төрагасынын орун басары Павел Дорохин. Муну орусиялык ММКлар жарыялашты.
Депутат Крымдын премьер-министри Сергей Аксенов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн айтат. Бөлүнө турган акча Крымдын ишканаларын өнүктүрүүгө жумшалмакчы.
“Эң негизгиси, автономиялык республиканын өнөр жайларына жана унаа жасоо ишканаларына көңүл бурулат. Мындан тышкары акчанын көп бөлүгү Орусиянын Кара деңиз флотундагы кемелерди тейлөөгө бөлүнөт”,- дейт Дорохин.
Эскерте кетсек, Крымдын статусу боюнча референдум 16-мартта өтөт. Аны өткөрүү үчүн 1 миллион 550 миң бюллетень даярдалды.