12-мартта түнкү саат 12де жылдыздардын
Шри-Ланкадагы саякаты
КТРК аркылуу көрсөтүлөт.
Чалкыган океан, күндүн жылуу илеби, экзотикалык жаныбарлар жана миң
түркүн жемиштер. Кеп «Супер-Инфонун» жана кыргыздын белгилүү
жылдыздарынын Шри-Ланка аралына болгон саякаты тууралуу. Жагымдуу эс
алуудан сапар-баян эми сыналгыдан орун алат. Жылдыздар менен кошо сиз дагы күнөстүү
аралга саякатка чыгыңыз.
Белгилей кетсек, "Супер-Инфо" гезити менен көп жылдан бери кызматташып келе жаткан ырчы Каныкей, рэпер Добр, алып баруучу Нурзат Токтосунова, “Тамашоу” долбоорунун түзүүчүсү, алып баруучу Эрмек Нурбаев жана “Супер сулуу-2013” сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиева кыштын ызгаардуу күнүндө экзотикалык өлкөгө жолдомо алып,
Инд океанындагы Цейлон (азыркы Шри-Ланка) аралында эс алып келишкен.