Кезектеги телефондук
сүйлөшүүдө Германиянын канцлери
Ангела Меркель Орусиянын президенти
Владимир
Путинге 16-мартта Крымда өтүүчү референдум мыйзамсыз экенин айтты. Меркель бул
аракет Конституцияга жана эл аралык келишимдерге каршы келет деп эсептейт. Чет
элдик ММКлар жарыялагандай, Путин Крымда өтүүчү референдум аталган өлкөнүн
жарандарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого негизделип жатканын айтып, бул
иш эл аралык нормаларга каршы келбей турганын билдирди.
Эскерте кетсек, Крымда
өтүүчү референдумга 2 маселе коюлат. Биринчиси – Крымдын Орусиянын аймагына
кошулушу, экинчиси – Крымда 1992-жылдагы Конституцияга кайтып келүү менен
Украинанын карамагында калышы.