Жантөрө Сатыбалдиев “көпүрөнүн курулушуна акча жетпей жатат” деди эле, тургундар “өзүңөр үчүн акчаны азыраак короткула” деп кыйкырышты
Премьер-министр Жантөрө
Сатыбалдиев бүгүн, 10-мартта Ош шаарында иш сапары менен жүрөт. Шаарда курулушу
башталып, учурда токтоп турган эстакадалык көпүрөнүн ишин көргөнү келген өкмөт
башчыга жергиликтүү жашоочулар нааразычылык айтышты. "Акипресстин" билдиришинче,
чогулгандар “Канчага чейин кыйналабыз? Көпүрө качан бүтөт?” деп суроо беришти эле
Сатыбалдиев көпүрөнүн курулушуна акча жетишпей жатканын айтты.
Мындан кийин чогулгандардын
ичинен “өзүңөр үчүн акчаны азыраак короткула” деген кыйкырык чыкты.