Бишкектеги ресторандардын биринде 15-март күнү немис карнавалы өтөт. Бул тууралуу КРдагы Германиянын элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, карнавалды Германияда "бешинчи жыл мезгили" деп аташат. Мындай өзгөчөлүккө ээ болгон мезгил 11-ноябрда (11.11) башталып, 2 айга созулуп, февралдын экинчи жарымынан марттын биринчи жумасына чейин өзгөчө шаң менен өтөт.
Карнавал башталган аптанын бейшемби күнүндө айымдар мырзалардын галстугун тартып алышат. Жума "Ышталган күн" деп аталса, ишембиге "Гвоздика" деген ат берилген. Жекшембиде Жоогазын күнү белгиленип, дүйшөмбүгө эң көп майрамдоолор туш келген. Ал эми шейшемби "Фиалка" болсо, андан кийин Күлдүү шаршемби майрамдалат.
Бул майрам Германияда кубаныч, күлкү-шаң коштолгон майрамдардын бири болуп саналат. Бишкекте карнавал өткөрүү үзгүлтүккө учурап, быйыл кайра жандануу алдында турат.