10-мартка карата Оштогу дыйкандарга 9 миң тонна жер семирткич таратылды
10-мартка карата Ош облусундагы
дыйкандарга 9 миң тонна жер семирткич таратылды. Маалымат бүгүн, 10-мартта
өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин Оштогу жер семирткич сактоочу кампанын иши
менен таанышуу учурунда айтылды. Ош облусуна бүгүнкү күнгө карата
Өзбекстандан 10 259 тонна жер семирткич келип түштү. Сатыбалдиев Кара-Суу
районундагы фермерлерди өкмөттүн жеңилдетилген насыясын алууга активдүү
катышууга чакырды. “Былтыр фермерлерге 3 миллиард 200 миллион сом насыя
берилген. Бул агрардык тармакты өнүктүрүүгө таасир этти, ири жана майда
мүйүздүү малдын саны өстү”,- дейт өкмөт башчы.