Референдум жөнүндөгү конституциялык мыйзамга түзөтүү киргизүү демилгеси талкууланды
Жогорку Кеңеште депутаттар тобу тарабынан демилгеленген
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоору окууда
каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган депутат Абдыжапар
Бекматовдун айтымында, КРнын
Конституциясынын жаңы
редакциясы кабыл алынып, парламент тарабынан бир катар шайлоо мыйзамдарына
олуттуу түзөтүүлөр киргендиктен, аталган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу
зарылчылыгы жаралган. Мурда Кыргызстандагы шайлоо жүрүмдөрү КРнын Шайлоо кодексинин негизинде жөнгө
салынып келген.