Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн
курулушуна 700 миллион сом керектелет. Маалымат бүгүн, 10-мартта
премьер-министр
Жантөрө Сатыбалдиевдин көпүрөнүн иши менен таанышуу учурунда
айтылды. Шаардык бюджеттен анын курулушуна жыл сайын 40 миллион сом бөлүнөт.
Жантөрө Сатыбалдиев:
“Мындай
темп менен курулуш иши 10 жылдан ашып кетет. Ушундай амбициялык жана кымбат
долбоорду баштагандан мурун каржы булактарын табыш керек болчу. Азыр бюджетте
бул сыяктуу кымбат долбоорду каржылоого акча жок. Биз бюджеттен жылына 60 миллиондон
бөлсөк, шаардык бюджеттин 40 миллиону кошулганда деле 7 жылдан эрте бүтпөйт”,-
деди өкмөт башчы.
Сатыбалдиев көпүрөнүн курулушу
боюнча башка варианттарды карап чыгуу, курулушту 200 миллион сомго
ылайыктоо зарыл экенин белгиледи.
Бул үчүн Ош шаардык кеңешин
кезексиз сессияга чогулууга чакырды премьер.