Янукович Ростов-на-Донуда кайрадан маалымат жыйын өткөрөт
Украинанын бийликтен
четтетилген президенти Виктор Янукович 11-мартта жаңы билдирүүсү менен
Ростов-на-Донуда кайрадан маалымат жыйын берет. Муну бүгүн, 10-мартта орусиялык
ММКлар жарыялашты. Маалымат жыйындын кай жерде жана кайсы убакытта өтөрү боюнча
так маалымат жок.
Янукович 28-февралда маалымат
жыйын өткөргөн. Бул анын өлкөсүнөн чыгып кеткенден кийинки биринчи коомчулук
алдына чыгуусу болчу. Анда ал Украинанын мыйзамдуу президенти экенин айткан
жана өлкөдө туруктуулукту камсыздай албаганы үчүн украиналыктардан кечирим
сураган эле.