Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Украинанын аймактык бүтүндүгүн, эгемендүүлүгүн жана саясий биримдигин колдойт. Муну Эрдоган Германиянын канцлери Ангела Меркель менен болгон телефондук сүйлөшүүдө билдирди. Тараптар Украинадагы кризисти жоюунун жолдорун издөө боюнча пикир алышканын бүгүн, 10-мартта ММКлар жарыялашты. Маалыматка таянсак, 9-март күнү кечинде Анталияга (Түркия) 6000 жоокери менен АКШнын аскердик кемеси, 90 аскердик учак, 1 тик учак келди. Кеменин экинчи капитаны бул кемелердин Украинадагы кризиске эч кандай байланышы жоктугун, иш-чара мындан бир нече ай мурда пландалганын билдирди.