Өзбекстандык чиновниктер эми президент менен макулдашпай сырткы иш сапарларга чыга алышпайт
Өзбекстандык чиновниктер эми өлкө
президенти Ислам Каримов менен макулдашпай өлкөдөн сырткары иш сапарларга чыга алышпайт.
Ар бир иш сапары үчүн өлкө башчы менен макулдашууга милдеттүү мамлекеттик кызматкерлердин
тизмеси түзүлдү. Муну бүгүн, 10-мартта эл аралык маалымат булактары жарыялады.
Ислам Каримов кол койгон токтомдогу тизмеде өлкөнүн премьер-министри, анын орун
басарлары, парламент төрагалары (эки палатанын), Улуттук банктын төрагасы,
башкы прокурор, акыйкатчы жана башкалар бар.
Район, айыл өкмөт башчылары
өздөрүнүн иш сапарларын өкмөт менен макулдашмакчы.