Маалыматка ылайык, Жайант Н.Кхобрагаде сүйлөшүү учурунда аталган оорукана менен Индиянын медициналык борборунун ортосунда биргелешип кызматташууну уюштурууга сөз берди.
Биринчиден, Индиянын элчилиги оорукананын базасында телемедицина боюнча борбор ачууну пландоодо. Аталган борбор он-лайн режиминде Бишкек шаарындагы жана Индиядагы медициналык борборлордогу байланышты бекемдейт. Ошондой эле элчилик тарабынан Индиянын медициналык борборлорунан кыргызстандык дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу пландалууда.
«Бул боюнча сарпталган каражаттын милдетин элчилик өз мойнуна алат»,- деп белгиледи Жайант Н.Кхобрагаде.