Бүгүн акыйкатчынын жылдык доклады боюнча коомдук угуу болот
Бүгүн, 11-мартта саат 11:00дө Бишкектеги "Парк Отель" мейманканасынын жыйындар залында КРнын Акыйкатчысынын “2013-жылдагы Кыргыз
Республикасындагы адам жана жарандардын эркиндиги менен укугунун
сакталышы тууралуу” деген доклады боюнча коомдук угуу болот. Бул
тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.
Докладды талкуулоо үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик
органдар менен коомдук уюмдардын жетекчилери, эл аралык уюмдар менен
жарандык сектордун өкүлдөрү чакырылган.
Жылдык докладдын долбооруна карата айтылган сын-пикирлер менен
сунуштарды эске алып, толуктоо киргизилген соң Жогорку Кеңешке
сунушталат.