Бишкекте бүгүн, 11-мартта «Жергиликтүү экономикалык өнүгүү: потенциалдары жана перспективалары” аттуу конференция өтөт. Иш-чарага өкмөттүк аппараттын жетекчиси Н.Момуналиев, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Н.Касиев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, жарандык жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү катышат.