11-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 800 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын
басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суу сактагычка агып кирген
суунун агымы секундуна 177 метр кубду түзсө, агып чыккан суунун агымы 755 метр
кубду түзүүдө.
Өткөн жылы республикадагы негизги суу резервиндеги көлөм 11
миллиард 708 миллион метр куб болгон. Агып кирген суунун агымы 150 метр кубга
барабар болсо, агып чыккан суунун агымы 666 метр кубду түзгөн.