Сузак райондук соту Социалдык фонддун аталган райондогу башкармалыгынын жетекчиси З.Рны күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу 11-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Ал КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмалуулук” беренелери менен айыпталып, 5 жылга кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу менен бирге “кылмыштык айыптоо” беренеси боюнча шарттуу түрдө 1 жылга эркинен ажыратылды.
Эске салсак, 18-сентябрда Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Сузак районундагы Социалдык фонддун жетекчисине кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы башкармалыктын жетекчиси 3.Р. 174 миң сом акча каражатын райондогу 4 жашоочуга мыйзамсыз которуп бергени аныкталган.