Баткен мамлекеттик университетинде быйыл педагогика адистиги боюнча 147 бүтүрүүчү бар

Баткен мамлекеттик университетинде быйыл педагогика адистиги боюнча 147 бүтүрүүчү бар. Муну бүгүн, 11-мартта ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Назаркул Ишекеев билдирди. Айтымында, аталган облуста учурда педагогика боюнча 113 мугалим жетишпейт.

“Башка аймактарга салыштырмалуу Баткен мамлекеттик университетинде абал жакшы. Мисалы, былтыр Нарын, Ысык-Көл мамлекеттик университеттери бөлүнгөн орундарды толтура албай калышты. Ал эми Баткендин университетинде орундар толду”,- деди Ишекеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан