Ош шаарында 17-апрелге чейин шаардын көчөлөрүндөгү майда соода-сатыктарды иретке келтирүү боюнча иштер жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Шаардагы баш аламандыктарды жөнгө салуу боюнча Ош шаарынын мэринин 2014-жылдын 17-февралындагы №13-буйругунун негизинде Ленин, Навои көчөлөрүндөгү "Мукуш", "Шырдаков", “Ходжаев” кичи базарларындагы баш аламан соода түйүндөрүн борбордук базарга көчүрүү, соода-сатыктан бошогон жолдорду калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү, сатуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана жашылдандыруу иштери, жолдорду тазалоо, көчөдөгү коопсуздукту алдын алуу боюнча атайын эки айлык жарыяланды.