“Билим берүү жана илим министрлиги мурдунун учундагы иштерди көрбөй жатат, анан кайдагы билимдин сапаты?”- деди бүгүн, 11-мартта ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында депутат Каныбек Осмоналиев. Айтымында, мектептердин мыкты бүтүрүүчүлөрүнүн көпчүлүгү чет өлкөгө чыгып кетип, өлкөдө начарлары калууда.
“Мисалы, Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университети менен Кыргыз-Түрк “Манас” университети жалпы республикалык тестирлөөнү карап да коюшпайт. Алардын өздөрүнүн эрежелери бар. Жеке менчик окуу жайлар көбөйдү, алар Билим берүү министрлигинин мурдунун алдында бүтүрүүчүлөрдөн сынак алышууда. Анан кайдагы билимдин, жалпы республикалык тестирлөөнүн сапаты?”- дейт депутат.