“Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы аймактар үчүн ийкемдүү колдонулушу керек”,- деди бүгүн, 11-мартта ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында депутат Каныбек Осмоналиев. Айтымында, аталган тестирлөө менен жогорку окуу жайларга өтүүдөгү 110 жана 105 баллдык чекти жыл сайын өзгөртүп туруу зарыл.
“Бул саясатты коркпой эле аткара бериш керек. Ийкемдүү болмоюнча мыкты окуучуларыбыздын өлкөдөн сыртка чыгып кетишине жол берүү токтобойт. Кептин баары өлкөдөгү окуу жайларда орундардын толбой калышында болуп жатат. Мамлекеттик бюджеттен 11 жыл баланы окутабыз, жыйынтыгында алар чет өлкөдөн окуганы кетип калышууда”,- дейт Осмоналиев.