Бүгүн, 11-марттагы маалымат жыйынында Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун (ББОУБ) жетекчиси Инна Валькова “2014-жылы жалпы республикалык тестирлөө кыргыз жана орус тилдеринде гана өтөт” деп билдирди.
Анын айтымында, 2013-жылы тестирлөө өзбек тилинде да өткөн. Мындан тышкары бир тесттин баасы 220 сомдон 260 сомго көтөрүлдү.
Белгилей кетсек, жалпы республикалык тестке каттоо 11-марттан 10-апрелге чейин жүрөт. Бүтүрүүчүлөр химия, биология, физика, англис тили, математика, тарых сабактарын тандай алышат.
Жалпы республикалык тест болжол менен 17-майдан 24-майга чейин болот. Бирок анын убактысын Билим берүү министрлиги бекитет.