Карамат Орозова, депутат: “Баткенде байлардын гана балдары Бишкектеги окуу жайларга тапшырышат”

“Баткен облусунда байлардын гана балдары Бишкектеги жогорку окуу жайларга тапшырышат”,- деп билдирди бүгүн, 11-мартта ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында депутат Карамат Орозова. Айтымында, жалпы республикалык тестирлөө менен университетке өтүүдөгү босоголук баллды (110 жана 105) шарты катаал, чек арага жакын аймактардын абитуриенттери үчүн азайтуу керек. 

“Антпесек аймактарда билим берүүнүн сапаты жогорулабайт. Студенттердин баарын Бишкек менен Ошко жыйнап алгандан эмне пайда? Баткенде мектепти бүткөн окуучулар облустун өзүндө калып билим алгыдай шарт түзүү зарыл. Баары эле борбордо окуй алышпайт, байлардын балдары гана окушат. Сиз (ред. билим берүү министринин орун басарына) айтып жатасыз, “жалпы республикалык тестирлөө бардык аймактар үчүн бирдей” деп. Ал эми Бишкектеги университеттер менен Баткендеги окуу жайдагы шарт бирдейби? Материалдык базасы кандай?”- деди Орозова.

Суроого министрдин орун басары Назаркул Ишекеев жооп бере алган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан